Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облсундагы «Бакай» участогунда ирригациялык объекттерди оңдоо жана куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты

14 Баш оона, 2019

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Баткен районунун Ак-Сай айыл округундагы «Бакай» участогунда жашоочуларды сугат суусу менен камсыздоо үчүн насостук станцияны реконструкциялоо жана курууга даярдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Бул объектке 2019-жылы 50 млн сом өлчөмүндө каржылоо каралган.

Ирригациялык объекттерди оңдоо жана куруудан кийин 321 га сугат жери пайда болот.  

  

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү