Айнагүл Жумагулова академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору кызматынан бошотулду

4 Аяк оона, 2019

Жумагулова Айнагүл Сексеналиевна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү