Акпай Сарыбаев академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды

4 Аяк оона, 2019

Сарыбаев Акпай Шогаибович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү