Интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча секторунун башчысы

6 Аяк оона, 2019

Баясов Нурадил Мирбекович

1989-жылдын. 18-сентябрында туулган.

Жогорку билимдүү. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын аяктаган, экономист.

Эмгек жолу:

–    2012-2013 -жж. – Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу жана монополияга каршы саясат министрлиги, тышкы соода жана ДСУ башкармалыгынын тышкы соода бөлүмү, жетектөөчү адистин милдетин аткаруучу, башкы адистин милдетин аткаруучу;

–  2013-2014 -ж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, фискалдык саясат башкармалыгынын салык саясаты бөлүмү, инвестициялык саясат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын инвестицияларды илгерилетүү бөлүмү, жетектөөчү адис;

–   2014-2017 -ж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмү, эксперт;

– 2017 -ж. – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт Агенттиги, инвестицияларды тартуу жана колдоо бөлүмү, башчы;

–   2017-2019 -ж. – Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коштоо боюнча агенттиги, инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмү, башчы;

–    03.2019 -ж, 08.2019 -ж – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмү, интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча сектор башчысы.

–  08.2019 -ж. баштап азыркы учурга чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн, инвестиция жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк секторунун башчысы.

Кошумча маалымат:

Экономиканын отличниги. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы жана Ардак белгиси, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.