Аманбай Кайыпов Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

6 Аяк оона, 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппараты

маалыматтык камсыздоо бөлүмү