Мирслав Аманкулов Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды

7 Аяк оона, 2019

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Аманкулов Мирслав Акалович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү