Тышкы жардамды координациялоо боюнча сектор башчысы

24 Аяк оона, 2019

Азаматов Азиз Азаматович

1985-жылы 17-январда туулган.

Билими жогорку. 2009-жылы Ататүрк-Алатоо эл аралык университетинин экономика жана башкаруу факультетин аяктаган. 2016-жылы Япониянын Кобе шаарындагы Мамлекеттик университетин аяктаган

Эмгек жолу:

01.10.2009 – Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Октябрь райондук башкармалыгы,  жеке жактар менен иштөө бөлүмү, башкы адис

10.2009-09.2010 – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Мамлекеттик карыздар жана активдер башкармалыгы, мамлекеттик карыздар жана активдердин статистикасы бөлүмү, адис/башкы адис

09.2010-10.2011 – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Пландоо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу башкармалыгы, башкы адис

10.2011-01.2012 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү, эл аралык долбоорлор жана инвестиция сектору, эксперт

01.2012-11.2016 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестиция бөлүмү, донорлорду жана эл аралык финансы институттарын координациялоо сектору, эксперт

11.2016-07.2019 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестиция бөлүмү, эксперт

07.2019 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, экономика жана инвестиция бөлүмү, тышкы жардамды координациялоо боюнча сектор, сектор башчысы

Кошумча маалымат:

Экономиканын отличниги. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин энчилүү сааты менен сыйланган.