Финансы жана кредит саясаты бөлүм башчысынын орун басары

24 Аяк оона, 2019

Конокбаев Данияр Тынычбекович

1985-жылдын 5-июлунда Чүй облусунун Токмок шаарында туулган.

Билими жогорку. 2008-жылы Разаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин «Радио байланыш жана телекөрсөтүү» адистиги боюнча аяктаган, 2010-жылы Разаков атындагы КМТУнун Башкаруу жана бизнес институтун «Экономика жана ишканалардагы башкаруу» (тармактар боюнча) адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2008-2009-жж. – «Integra Plus» ЖЧК (Sky Mobile), технологиялык жабдууларды монтаждоочу;

2011-2012-жж. – Бишкек шаардык мэриянын Октябрь райондук администрациясы, экономика, соода жана кызмат көрсөтүү бөлүмү, башкы адис;

2012-2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттик, турак жай курулушу жана ипотекалык насыялоо бөлүмү,  башкы адис;

2014-2016-жж. – «Альфа Телеком» ЖАК (Megacom – соода маркасы), сатып алуу бөлүмү, эксперт;

2016-2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, финансы жана насыялык саясат бөлүмү, эксперт;

2019-жылдын август айынан тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, каржы жана насыялык саясат бөлүмү, башчынын орун басары.

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, КР финансы системасына ак ниет эмгек кылганы жана өнүгүшүнө салыш кошкону үчүн  КР Премьер-министринин атынан алкыш жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардак грамотасы, Бишкек шаардык мэриянын Октябрь райондук администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.