Адам укугун коргоо боюнча Координациялык кеңештин ишин камсыздоо секторунун башчысы

24 Аяк оона, 2019

Орозов Бактияр Сайпидинович

1986-жылы 28-майда Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку. 2008-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетин, «юриспруденция» адистиги боюнча  аяктаган. 2010-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин алдындагы Гуманитардык билимдер институтунун экономика факультетин «экономист – менеджер» адистиги боюнча (тыштан окуу формасы), артыкчылык диплому менен аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

10.2008-ж. – 07.2009-ж. – Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы, укуктук, кадрдык жана иш-кагаздарын камсыздоо бөлүмү, алдынкы адис;

09.2009-ж. – 09.2013-ж. – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ректордун жардамчысы, эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы, «жазык процесси жана криминалистика» кафедрасынын алдындагы криминалистика кабинетинин башчысы, мамлекеттик жана укуктук саясат юридикалык институттун илимий-билим берүү бөлүмүнүн алдынкы адиси, юридикалык колледждин тарбия иштери боюнча башчысынын орун басары;

03.2014-ж. – 09.2015-ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, депутаттын консультанты;

09.2015-ж. – 07.2016-ж. – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, юридика институту, «Жазык укугу жана процесси» кафедрасынын доцентинин м.а.;

07.2016-ж.  – 08.2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин камсыздоо боюнча топтун башкы адиси;

08.2016-ж. – 04.2017-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн референти;

04.2017-ж. – 04.2019-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти;

2019-жылдын апрелинен тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, адам укугун коргоо боюнча Координациялык кеңештин ишин камсыздоо секторунун башчысы.

Кошумча маалымат:

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.