Өкмөттүн Аппаратынын канцеляриясы, лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы

22 Тогуздун айы, 2019

ALI_5796Абдыжапар уулу Мундузбек

1982-жылы 14-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган. 2000-2005-ж.ж. К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, Кыргыз  филологиясы факультети, референт-котормочу кошумча адистиги менен  (артыкчылык диплому). 2005-2008-ж.ж.  К.Карасаев атындагы БГУнун кыргыз тил илими кафедрасында аспирант (азыр “Академик Б.Юнусалиев жана кыргыз адабий тилинин жаралуу, өнүгүү проблемалары” деген темада кандидаттык диссертацияны коргоо алдындамын). 2013-2015-ж.ж. КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” магистратура бөлүмүн аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

24.02.2006-ж. – Бишкек шаардык мэриясынын ММБК, жетектөөчү адис        

22.06.2006-ж. – КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, котормочу

21.08.2006-ж. – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук   комиссия,    жетектөөчү адис. К.Карасаев атындагы БГУнун мамлекеттик тил кафедрасында окутуучу

2011-2013-ж. – Мамлекеттик тил боюнча улуттук  комиссиянын алдындагы “Кыргыз тили” гезитинин башкы редакторунун милдети кошо жүктөлгөн.

2013-2019-жж. – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук  комиссиянын котормо, терминология башкы адиси. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борборунун окутуучусу

2019-жылдын сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясы, лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы