Өкмөттүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы

22 Тогуздун айы, 2019

ЧОЛПОНКУЛОВ Маратбек Абжалбекович

1962-жылы 28-августта туулган. Жогорку билимдүү. 1986-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун «Тоо-кен иштерин автоматташтыруу жана электрлештирүү» факультетин «тоо-кендеги инженер-электрик» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1986 – 1989-жж. – Чаткал геологиялык экспедиция, электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө адиси, өнөр жай тилкесинин башкы электриги.

1989 – 1997-жж. – Таластагы бөлүштүрүүчү тармак ишканасы, Кара-Буура РЭТ, электр тармактарынын Аманбаев участкасынын электромонтеру, Аманбаев тилкесиндеги электр тармактарынын жетекчиси, Кара-Буура РЭТ энергоинспекциясынын инспектору.

2003-ж. -  «Кыргызстандын Улуттук электр тармактары» ААК,        Таластагы жогорку кубаттуулуктагы электр түйүнү  ишканасы, жарандык коргонуу боюнча милдетти аркалаган өндүрүш бөлүмүнүн инженери.

2007 – 2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, электроэнергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башкы адиси.

2010–2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, отун-энергетиикалык комплекси башкармалыгынын башчысы.

2011 – 2014-жж. – Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, электроэнергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы.

2014 – 2015-жж. – Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин кеңешчиси.

03.2016 – 04.2016-ж.  – Кыргыз Республикасынын Энономика министрлиги, министрдин коомдук кеңешчиси.

04.2016 – 08.2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Энономика министрлиги, электр энергиясын иштеп чыгуу жана өткөрүү бөлүмүнүн жетекчиси.

2016 – 2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, электроэнергия башкармалыгынын башчысы.

2018-2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, төраганын коомдук кеңешчиси.  

02.2019 – 04.09.2019-ж.  – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, бөлүмдүн эксперти, отун, энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттеги бөлүмдүн башчысынын орун басары.

2019-жылдын 5-сентябрынан тарта – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы