КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 578 токтому

31 Тогуздун айы, 2019

2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик фельдъегердик-почта байланышы жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: 2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик фельдъегердик-почта байланышы жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россия тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                  М.Д.Абылгазиев