Жогорку Кенеш

24 Тогуздун айы, 2013

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

1. Жогорку Кеңеш:

1) референдум дайындоо жөнүндө мыйзамды кабыл алат;

2) Президентти шайлоону дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш:

1) Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамда белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү жөнүндө маселелерди чечет;

5) республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет;

6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет;

7) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

3. Жогорку Кеңеш:

1) Өкмөттүн ишинин программасын бекитет, карамагында коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери болгон Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктайт;

2) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитет;

3) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат;

4) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын шайлайт; конституциялык мыйзамда каралган учурларда Президенттин сунушу боюнча аларды кызматынан бошотот;

2) мыйзамда каралган тартипте Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

3) Президенттин сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзам менен каралган учурларда аны кызматынан бошотот;

4) Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлайт: курамынын үчтөн бирин – Президенттин сунушу боюнча; үчтөн бирин – парламенттик көпчүлүктүн сунушу боюнча жана үчтөн бирин – парламенттик оппозициянын сунушу боюнча; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматынан бошотот;

5) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлайт: курамынын үчтөн бирин – Президенттин сунушу боюнча; үчтөн бирин – парламенттик көпчүлүктүн сунушу боюнча жана үчтөн бирин – парламенттик оппозициянын сунушу боюнча; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматынан бошотот;

6) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана Мыйзамда каралган учурларда кызматынан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт жана Мыйзамда каралган учурларда аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

8) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берет; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет; Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси тарабынан Башкы прокурорду кызматынан бошотууга макулдук берет;

9) мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын добуштарынын үчтөн экисинин кем эмес көпчүлүгү менен Башкы прокурорду кызматынан бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин жактырат.

5. Жогорку Кеңеш:

1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө кырдаал киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

2) согуш жана тынчтык, аскердик абал киргизүү, согуштук абал жарыялоо; ал маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу маселелерин чечет;

3) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер ортосундагы келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн анын чегинен тышкары пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

4) аскердик наамдарды, дипломаттык рангдарды жана Кыргыз Республикасынын атайын наамдарын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарын белгилейт.

6. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин, чет өлкөлүк мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат;

3) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угат.

7. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы күнөө коет; Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.

8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана докладдарын угуу мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы менен көз карандысыздыгы жөнүндө Конституциянын жана мыйзамдардын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

9. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Фракцияларды жана коалицияларды түзүү

Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригет.

Бир партияга таандык болгон депутаттардан турган бирикмелер саясий партиялардын депутаттык фракциялары деп эсептелет. Алар бирдиктүү саясий программаны жетекчиликке алып, бирдиктүү идеологияны карманат жана бирдиктүү кызыкчылыктарды көздөйт. Фракциянын мүчөлөрү талкуулоо жолу менен Жогорку Кеңеште каралуучу маселелер боюнча фракциянын бирдиктүү көз карашын иштеп чыгат.

Фракция аны түзүү, аталышы, тизмелик курамы, лидеринин жана башка фракция жетекчилеринин фамилиялары жарыяланган учурдан тартып расмий статус алат.

Фракциялар парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик азчылыктын коалициясына биригүүгө укуктуу.

Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк деп эсептелет.

Парламенттик көпчүлүктүн коалициясына кирбеген фракциялар парламенттик азчылыкты түзөт. Парламенттик азчылык фракциясы же фракциялары  өзүнүн оппозиция экендиги жөнүндө жарыялоого укуктуу.

Парламенттик оппозиция төмөнкүлөргө укуктуу:

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орунбасарларынын кызмат ордуна;

Жогорку Кеңештин бюджет жана укук тартиби маселелери боюнча комитеттеринин төрагаларынын,  ошондой эле башка комитеттердин төрага орунбасарларынын кызмат орундарына;

мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирдей жеткиликтүү болушуна;

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, Эсептөө палатасынын, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин түзүүгө.

2015-жылдын 28-октябрында VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш алгачкы жыйналышын өткөрдү, ушуну менен ал өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Жогорку Кеңештин “Турактуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” коалициялык көпчүлүгү төрт фракциядан: “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” фракцияларынан куралды.

“Республика-Ата Журт” жана “Бир Бол” фракциялары парламенттик азчылыкты түзүштү.

Жогорку Кеңештин түзүмүнө ылайык 2015-жылдын 6-ноябрында 9 комитет түзүлдү, алар:

- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;

- Эл аралык маселелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;

- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет;

- Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет;

- Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет;

- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;

- Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;

- Бюджет жана финансы боюнча комитет;

- Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык парламенттик эки комитет – Бюджет жана финансы боюнча комитет жана Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет парламенттик азчылык коалициясынын карамагына берилди.

 Кыргыз Республикасынын VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеши

            2015-жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Болуп өткөн шайлоо өнөктүгү мыйзамда белгиленген тартипте  биометриялык каттодон өткөн, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарын  шайлоочулардын тизмесине киргизилгендиги менен айырмаланды.

Шайлоого 14 саясий партия катышып, 6 саясий партия Жогорку Кеңешке келди, алар:

- “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы – 38 мандат;

- “Республика-Ата Журт” саясий партиясы – 28 мандат;

- “Кыргызстан” саясий партиясы – 18 мандат;

- “Өнүгүү-прогресс” саясий партиясы – 13 мандат;

- “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана патриотизм партиясы – 12 мандат;

- “Ата Мекен” социалистик партиясы саясий партиясы – 11 мандат.

Улуттук курамы боюнча алганда Жогорку Кеңеште кыргыз,  орус, өзбек, дунган, уйгур, казак, тажик, татар улуттарынын өкүлдөрү бар.

Гендердин теңчиликтин мыйзамда белгиленген нормаларынын сакталышы камсыз кылынган.