Кыргызстан тууралуу маалымат

28 Тогуздун айы, 2016

Кыргызстан тууралуу маалымат
Кыргызстан – Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка карай 900 чакырымга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 410 чакырымга созулат. Кыргызстандын аянты 199,9 миң квадрат чакырым.
Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери – 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыс жери – 394 метр (республиканын түштүк-чыгыш аймагында). Кыргызстан – тоолуу өлкө. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен байлыктар бар.

Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы – Нарын. Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек сыяктуу кооз көлдөр бар.

Кыргызстандын калкы 6 миллион адам. Анын 66,9% кыргыздар, 14,14% өзбектер, 10,65% орустар жана 8,31% калган улаттар түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Мамлекеттик тил – кыргыз тили; расмий тил – орус тили.

Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 56,1%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар – 8,7% түзөт. Кыргызстан – Чыгыш менен Батышты бириктире турган тогуз жолдун тоомунда – борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан. Сулайман тоо, өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзү, Таш-Рабат тарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат.

Кыргыз Республикасынын борбор шаары – Бишкек. Ал өлкөнүн экономикалык, саясий, илимий, өнөр жай, маданий борбору. Бишкек 1878-жылы негизделген. Аймагы: 127,3 квадрат чакырым. Калкы 958500  адам.

Бишкек Чүй өрөөнүнүн ортосунда деңиз деңгээлинен 700 – 850 метр жерде жайгашкан. Бишкекте жай ысык жана кургак. Июль айында абанын температурасы 42 градуска чейин ысыйт. Кышындагы орточо температура -7 градус. Жылына орточо Бишкекке 400 мм жаан-чачын жаайт. Абанын орточо нымдуулугу июлда 38%, январда – 68%.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү – 31 август 1991-жыл (СССРден)

Тили: кыргыз тили – мамлекеттик, орус тили – расмий.

Башкаруу формасы: Парламенттик

Президент – АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович

Жогорку Кеңештин Төрагасы – ТУРСУНБЕКОВ Чыныбай Акунович

Өкмөт жетекчиси – ИСАКОВ Сапар Джумакадырович

Акчасы – кыргыз сому (KGS, коду 417)

Интернет-домени – .kg

Телефондук коду- +996

Сааты – UTC +6

Чоң шаарлары: Ош (275,7 миң.), Жалал-Абад (111,1 миң.), Каракол ((74,1 миң.)
7 административдик областарга бөлүнөт — Чүй, Талас, Исык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен. Областтык борборлор – Талас, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.

Эң бийик чокусу – Жеңиш чокусу – 7439 м

Эң узун дарыялар, км
Нарын – 535
Чаткал – 205
Чу – 221

Эң чоң көлдөр, км2
Исык-Көл – 6236
Соң-Көл – 275
Чатыр-Көл – 175