Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын XVI жыйыны өз ишин баштады

17 Бештин айы, 2013

Бүгүн, 17-декабрда, “Ала-Арча” резиденциясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын XVI жыйыны өз ишин баштады.

Комиссиянын тең төрагалары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Орусия Федерациясынын Бажы федералдык кызматынын башчысы Андрей Бельянинов.

Кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын күн тартибинде төмөндөгү маселелер белгиленген:

1.      Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйынынын чечиминин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө;

2.      Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 2010-2013-жылдарга карата экономикалык кызматташтык Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын мерчеминин аткарылышы жөнүндө;

3.      Отун-энергетика комплексиндеги кызматташтык жөнүндө;

4.      Мунай-газ тармагындагы кызматташтык жөнүндө;

5.      Өнөр жай тармагындагы кызматташтык жөнүндө;

6.      Унаа байланышындагы кызматташтык жөнүндө;

7.      Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытындагы кызматташтык жөнүндө;

8.      Миграция тармагындагы кызматташтык жөнүндө;

9.      Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө;

10.   Маданият тармагындагы кызматташтык жөнүндө;

11.   Туризм тармагындагы кызматташтык жөнүндө;

12.   Аймактар аралык тармактар боюнча кызматташтык жөнүндө;

13.   Агроөнөржай комплекси боюнча кызматташтык жөнүндө;

14.   Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ишкерлер чөйрөсүнүн кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө;

15.   Билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтык жөнүндө;

16.   Соода-экономикалык кызматташтык маселелери жөнүндө;

17.   Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын биржа рыногун интеграциялоо, биржа каражаттарын укуктук окшоштукка алып келүү, эки мамлекеттин биржалык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында соода инфраструктурасындагы (биржа соодасы) кызматташтык жөнүндө;

18.   Бажы тармагындагы кызматташтык жөнүндө;

19.  Минералдык- сырье жана кен өндүрүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө;

20.   Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын XVI жыйынын өткөрүү жөнүндө.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү