Биринчи вице-премьер-министри

БОРОНОВ Кубатбек Айылчиевич

Боронов Кубатбек Айылчиевич, 1964-жылы 15-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы туулган.
Билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «айыл чарба курулуш» факультетин аяктаган. 2011-жылы Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын «юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1982-1983-жж. – Ош облусунун Алай районунун «Социализм» совхозунун сүт-товардык фермасы, каттоочу

1983-1985-жж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн

1985-1991-жж. – Фрунзе политехникалык институту, студент

1991-1991-жж. – «Фрунзекурулуштун» 9-курулуш-монтаждык башкармалыгы трестинде каменщик болуп иштеген

1992—1996-жж. – «Кыргызкурулуш» АК караштуу «Стройлескомплект» ПБдө инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы болуп иштеген

1998-2000-жж. – «Кыргызкурулуш» АК караштуу жыгач иштетүүчү заводунун директору

2001-2002-жж. – «Гоктүрк» ЖЧК директорунун орун басары

2003–2003-жж.– Кыргыз РеспубликасынынЭӨКМнин Жарандык коргонуу штабына анык аскер кызматына чакырылган, пландык-экономикалык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган

2003-2006-жж. – Кыргыз Республикасынын ЭӨКМне караштуу Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары

2006-2008-жж. -Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары

2009-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы

01.2010-08.2010-жж. – Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору

08.2010-12.2011-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары

24.12.2011-20.02.2018 – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри

2018-жылдын 20-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри


Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=3166