Ж.Сатыбалдиев: Мы окажем помощь в завершении строительства жилого дома для семей погибших воинов в Афганистане

12 Бирдин айы, 2014

Бүгүн, 12 февралда, Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ооганстан Республикасынын чектелген контингентинен советтик жоокерлерди чыгарган   күндүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулушка катышты.

Премьер-министр  жоокерлер, сержанттар жана офицерлерге кайрылып жатып,  аскердик намыс, эрдик, кайраттуулук  жана чечкиндүүлүк сапаттарга ээ интернационалист  аскерлер өсүп келе жаткан кыргыздын жаш муундарына үлгү болушу керек экендигин белгилеп өттү.

«Бүгүнкү күндө  дээрлик  бардык  элдик чарба, аскер, коргоо органдарынын тармактарында   дал ушул согушту көргөн жоокерлер ийгиликтүү эмгектенип келишет. Канча жыл өтсө да Ооганстанда  согушкан аскер, жоокерлерибиздин эрдиги түбөлүккө эсибизде калат. Кыйынчылык жана жоготууларга карабай, алар өз  милдетин сыймык менен аткарышты. Сиздер – эрктүүлүктүн жана баатырдыктын элесин бересиңер. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары да Ооган согушунун ардагерлерине, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө жардам берүүсүн улантат.   Биз Токмок шаарында Ооганда каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө жана майып аскерлерге   курулуп жаткан көп  кабаттуу үйдүн курулуш ишин аяктоого керектүү  каражатты бөлүп берүү маселесин карап чыгууга даярбыз”- деди Өкмөт башчы.

Андан соң,  Жантөрө Сатыбалдиев бир канча Ооганстан согушунун катышуучуларына  кол саат белегин тапшырды.

Бир күн мурда  өлкөнүн Премьер-министри кол койгон токтомго ылайык,  согуш аракеттердин натыйжасынан жарадар болгон  майып аскерлерге, Ооган согушунун катышуучуларына, шейит болгондордун үй-бүлөлөрүнө, 5 миң сом өлчөмүндөгү каражат жардам катары көрсөтүлөт.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                                                       Маалыматтык камсыздоо бөлүмү