Состоялось заседание комиссии по выполнению Плана мероприятий по реализации Концепции укрепления единства народа и межэтнических отношений

17 Бирдин айы, 2014

Бүгүн, 17 февралда, Кыргыз  Республикасынын вице-премьер -министри Токон Мамытовдун жетекчилиги алдында Калктын биримдигин бекемдөө  жана  этностор  аралык  мамилелер концепциясын  ишке  ашыруу үчүн  2013-2017- жылдар аралыгында  биринчи  иреттеги иш чаралардын Мерчемдери туурасында мекемелер  аралык  комиссиянын жыйыны  өттү.

Жыйынды  ачып  жатып, Токон  Мамытов  Биринчи  иреттеги иш чаралардын мерчемин  өз мөөнөтүндө аткаруу  маанилүү экендигин белгиледи.

«Бул этностор аралык  мамилелерди  жакшыртуу  аркылуу  улуттук  биримдикти  камсыздаган,  маданий  мурасты  жана  өлкөнүн  этникалык көп түрдүүлүгүн сактоого  арналган  концепцияны  аткарууда  алгачкы  баскыч  болуусу  керек», — деди ал.

Мындан  кийин  мекемелер  аралык  комиссиянын мүчөлөрү  Чуй облусунун  жергиликтүү мамлекеттик  администрациялары  жана  өз  алдынча  башкаруу  органдары  тарабынан  Биринчи  иреттеги  иш  чаралардын  мерчемин  аткаруу  боюнча  аткарылган  иштерди  талкуулашты.

Аталган  маселе  бюнча маалымат  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  иштери  жана   этностор  аралык  мамилелер  боюнча  мамлекеттик  агенттигинин  мүдүрү   Накен  Касиев   тарабынан  көрсөтүлдү.

Анын  айтуусу   боюнча, Ысык-Ата, Аламүдүн, Жайыл, Москва, Сокулук  райондорунун  жана  Токмок ш. мэриясынын райондук  мамлекеттик  администрациялары, ошондой эле  Ысык-Ата  районунун  Кең-Булун,  Юрьев  айыл  өкмөттөрү, Сокулук  районунун  Жаңы-Жер  айыл  өкмөтү  жана  Аламүдүн районунун Маевка айыл    өкмөтү  текшерилген.

«Текшеруу  жалпысынан  аталган райондук  мамлекеттик   администрациялар  жана  өз алдынча   башкаруу   органдары  тарабынан  концепцияны  иштеп  чыгуу, профилактика  жана  этностор   аралык  негизде   чыр-чатактарды  алдын ала эскертүү  боюнча  атайын   иш   аракеттер  аткарылып  жаткандыгын   көрсөттү. Аймактык бөлүмдөрдүн мамлекеттик  органдарынын  жетекчилери   менен  биргеликте   айылдык   жыйындар   өткөрүлүп, ошондой эле калк  менен   жолугушуу  учурунда  этностор   аралык  чыр-чатактардын  себеби  боло  турган көйгөйлүү маселелер айтылат. Райондордо ораралыкмамилелертуурасындамаселелерукуккоргоооргандарымененболгонкоординациондуккеңешмелердеүзгүлтүксүз каралууда. Мындан   сырткары  коомду  кабыл   алуу   пунктулары түзүлгөн», — деп  белгиледи  Н.Касиев.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө  мекемелер  аралык  комиссиянын 2014-жылга карта иш планы бекитилди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү