Ж.Сатыбалдиев поручил выделить 1 млн. сомов для укрепления материально-технической базы учебного корпуса Водолазной службы

11 Жалган куран, 2014

Бүгүн, 11-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрткө каршы кызмат мамлекеттик Агенттигинин жаңы ачылып жаткан өрттөн куткаруу кызматынын ачылыш салтанатына катышты.

Премьер-министр бул иш-чара министрликти реформалоодогу алгачкы жыйынтык экендигин айтты.

“Алдыда башталган реформаны толук максатына жеткирүү үчүн дагы бир катар милдеттер турат. Аймактарда мындай кызматтын дагы жыйырмасын ачуу зарыл. Ошол эле учурда алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл буруу абзел. Өзгөчө кырдаалдардын санын азайтууга багытталган алдын алуу иштери жөнгө салынууга тийиш. Ошондой эле, кырсыкка кабылган жарандарга өз учурунда тиешелүү жардам берүү керек”, – деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Премьер-министр Кыргызстандагы Жапон элчилигине БУУнун өнүгүү программасы “Өзгөчө кырдаалдарда дараметти күчөтүү, Кыргыз Республикасында тобокелчиликти баалоо жана кызматташтыкты жогорулатуу үчүн аймактык сүйлөшүүлөргө жардам” долбооруна каржылоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Долбоордун алкагында “Mazda” маркасындагы куткаруучу унаанын 6 даанасы сатылып алынган. Алар кооптуу делген Бишкек-Ош, Суусамыр–Талас, Ош-Сары-Таш, Бишкек-Нарын жана Балыкчы-Каракол багытындагы негизги унаа жолдорунда жайгашкан КР ӨКМнын өрттөн куткаруу кызматынын аймактардагы бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт.

Өрттөн куткаруу кызматынын ачылыш салтанатынан кийин, № 21-өрткө каршы бөлүмүнүн аскердик курамы өрт өчүрүү, химиялык кооптуу суюктуктун төгүлүш кесепетин жоюу, 4 кабаттуу турак үйдө жабыркагандарды куткаруу иштерин көрсөтүштү. Ал эми суучулдар сууга чөгүп бара жаткан жаранды куткаруу чебердигин көрсөтүштү.

Премьер-министр иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Суучулдар кызматынын окуу имаратынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Өкмөттүн көмөкчү фондунан 1 млн. сом бөлүүнү тапшырды.

Маалымат:

Өзгөчө кырдаалдарда калктын жана Кыргызстандын аймактарынын коопсуздугун cактоо Стратегиясы-2020, туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясын аткаруу максатында, ошондой эле, ар кандай кырдаалдарда ыкчам таасир этүүнүн натыйжасын арттыруу үчүн КР ӨКМ тарабынан министрликке караштуу өрткө каршы кызмат мамлекеттик Агенттигинин алдында жаңы 21 өрттөн куткаруу кызматынын ачылууда.

Бул өрттөн куткаруу кызматтары Бишкек-Торугарт, Бишкек-Эркештам жолдору жана Ысык-Көл аймагында жайгашат. 2017-жылга чейин өлкөнүн район борборлорунда дагы 25 өрттөн куткаруу кызматтары түзүлөт. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында 2017-жылга чейин төмөндөгүдөй жыйынтыктарга эгедер болобуз:

-          Өрт жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жоготуулар 20-30 пайызга кыскарат;

-          Жабырлануучулардын саны 5-10 %га азаят;

-          Өзгөчө кырдаалдарда калктын жана Кыргызстандын аймактарынын коопсуздугун cактоонун натыйжалуу системасын түзүү;

-          КР ӨКМнын өрттөн куткаруу кызматтарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо;

-          КР ӨКМнын ички булактары аркылуу министрликке караштуу өрткө каршы кызмат мамлекеттик Агенттиги үчүн куткаруучу унааларды алуу.

Жапон элчилиги тарабынан каржыланган “Өзгөчө кырдаалдарда дараметти күчөтүү, Кыргыз Республикасында тобокелчиликти баалоо жана кызматташтыкты жогорулатуу үчүн аймактык сүйлөшүүлөргө жардам” БУУнун өнүгүү программасынын долбоору Кыргыз Өкмөтүнүн алдына кырсыктардын кесепетин азайтуу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууну максат кылат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын мерчеминин алкагында  жана БУУнун өнүгүү программасынын 2012-2016-жылдардагы программасынын алкагында ишке ашууда.

Долбоор төмөндөгү милдеттерди аткарууга багытталат:

- кризистик кырдаалдарда тобокелчиликти баалоо боюнча башкаруу Борборунун дараметин күчөтүү;

- инфраструктураны жакшыртуу аркылуу тобокелчиликти ылдам анализдөө менен маалыматты ыкчам таркатуу дараметин күчөтүү;

- куткаруу мекемелеринин дараметин күчөтүү;

- кырсыктардын санын азайтуу боюнча аймактар аралык кызматташтыкты күчөтүү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү