Жоомарт Оторбаев шаардык жалпы ишембиликке катышты

29 Жалган куран, 2014

Бүгүн, 29-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча ишембиликке катышты.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жоомарт Оторбаев шаардын көчөлөрүн, үйлөрдүн тегерегин жана парктарды ирээтке келтирүү үчүн ишембиликтин мааниси чоң экендигин айтты.

“Мен ар жылы таштандыларды чыгаруу, көчөттөрдү отургузууга арналган ишембиликтерге жигердүү катышам. Биз баарыбыз эле борбор калаабыз таза болуп, адамдар парктар менен скверлерде эс алып, чуркаса деп тилейбиз. Шаардыктар менен меймандар үчүн эс алуу жайларын сактап гана тим болбостон, алардын санын көбөйтүүнүн үстүндө да иш алып баруубуз абзел. Ансыз өзүнүн кайталангыс керемети, таза абасы, жашыл бактары менен белгилүү болгон борборубузду элестетүү мүмкүн эмес”- деди ал.

Белгилей кетсек, бул 2014-жылдагы биринчи ишембилик жана мындай ишембиликтер байма-бай болуп турмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү