Өлкөнүн Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Талас облусундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

4 Чын куран, 2014

Бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев укук коргоо тармагынын жана республикалык тармактык органдардын жетекчилери менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургундары Шыралжын кенин иштетүүнү токтотуу талабы менен “Талас-Тараз” стратегиялык унаа жолун бууп алган кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү.

Жоомарт Оторбаев кеңешменин жүрүшүндө Боо-Терек айылындагы окуя жергиликтүү органдардын, кен иштетүү компаниясынын жана түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин жеткиликсиз ишинин жыйынтыгы экендигин белгиледи.

“Окуянын ушундай болуп кетээрин көрө билип, каршылашууга жол бербөө үчүн жергиликтүү калкка алдын-ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек эле. Азыр кырдаалды жөнгө салуу максатында Талас облусуна менин тапшырмам менен Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жана геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев жөнөп кетишти. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева учурда окуя болгон жерде айылдыктар менен жолугушуу өткөрүүдө”,  - деди Жоомарт Оторбаев.

Ички иштер министри Абдылда Суранчиев каршылашуу акциясында милициянын 20 кызматкери жаракат алгандыгын, анын 18 жеңил жана орто жаракат алгандыгын кабарлады. “Укук коргоо кызматкерлери тарабынан митингчилерди кубалоо үчүн курал жана үн чыгаруучу  гранаталар колдонулган жок. Окуяда Боо-Терек айылынын бир да тургуну жаракат  алган жок”, – деген  маалыматын айтты ИИМ башчысы.

Жоомарт Оторбаев кеңешменин жыйынтыгында “Алтын Күмүштак Майнинг” компаниясынын кен чыгуучу жерге жакын жайгашкан айылдарга карата алган социалдык милдеттенмелеринин сакталышына байланыштуу ишмердүүлүгүн, ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн компания тарабынан бөлүнгөн каражаттардын туура пайдаланганын карап чыгууну тапшырды.

Белгилесек, Комиссия Шыралжын аянтчасында ишти жандантпоону сунуштаган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү