Правительство Кыргызской Республики согласилось с проектом Дорожной карты по присоединению Кыргызской Республики к Таможенному союзу

12 Бугу, 2014

Бүгүн, 12-майда, Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча Өкмөттүн жыйыны болуп, жол картасынын долбоору каралды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча КР Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Беларусь, Казакстан жана Орусия Федерациясынын курамынан турган Бажы биримдигине кирүү боюнча Евразиялык экономикалык комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мекемелер аралык комиссиясы тарабынан жактырылган жол картасынын долбооруна макулдугун берди.

КР Өкмөтү мындан ары дагы жол картасына байланышкан механизмдерди аны каржылоонун үстүндө иш алып барып, өлкө экономикасын бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн экономикасына ийкемдештирүү иш аракеттерин көрө бермекчи.

Жыйындын жүрүшүндө бүгүн кабыл алынган чечимдердин долбоорун КР Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттерине жөнөтүү чечимин кабыл алышты.

КР экономика министри жана КР Өкмөтүнүн КР Жогорку Кеңештеги атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринде бул маселе каралуу маалында катышууга милдеттендирилди.

КР Өкмөтүнүн аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү