Премьер-министр Дж. Оторбаев провел заседание Межведомственной комиссии по переговорам о присоединении Кыргызстана в Таможенный союз и ЕЭП

16 Теке, 2014

Бүгүн, 16-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча Ведомство аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Күн тартибинде Ведомство аралык комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин аткаруу, Иш-чаралар (Жол картасы) планын ишке ашыруу боюнча иштиктүү топ курамын бекитүү, Жол картасындагы каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасына финансы каражатын бөлүү механизми боюнча сүйлөшүү процессинин жүрүшү, ошондой эле евразиялык интеграция шартында кыргыз-казак экономикалык кызматташуусу тууралуу келишимди түзүү боюнча сүйлөшүү процессинин абалы тууралуу маселелер белгиленген.

КР экономика министринин орун басары Данил Ибраев Ведомство аралык комиссия мүчөлөрүнө Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымдап, бардык аракеттер Жол картасын ишке ашыруу процессин тездетүүгө багытталгандыгын, ал эми тийиштүү нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу тездетилген режимде жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Өз кезегинде Премьер-министр Ж.Оторбаев Ведомство аралык комиссиянын чечимдерин аткаруу жетишсиз деңгээлде экендигин белгиледи.
“Бул багыттагы ишти тездетүү керек. Түзүлгөн иштиктүү топтордун алкагындагы календардык планы жана иш графигине ылайык ишти жөндөй албаган бардык жоопкерчиликтүү жактарга сөгүш берилет, андан соң кызматтан четтетилет»,- деп баса белгиледи Ж.Оторбаев.
Андан соң, Ведомство аралык комиссия ишинин алкагында Жол картасын ишке ашыруу боюнча иштиктүү топтун жеке курамын бекитүү, ал эми иштиктүү топ жетекчилерине жума сайын КР Экономика министрлигине өткөрүлгөн жыйындар жана анын жыйынтыктары тууралуу маалымат берүүсү боюнча чечим кабыл алынды.

Жол картасындагы каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасына финансы каражатын бөлүү механизми боюнча сүйлөшүү процессинин жүрүшү тууралуу маселе боюнча РФ өкмөттүк өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү улантуу, ал эми БЭА менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча иштиктүү топ боюнча Кыргыз республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу тууралуу Келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынды.