Премьер-министр КР Джоомарт Оторбаев и первый заместитель Премьер-министра РК Бакытжан Сагинтаев обсудили вопросы вступления Кыргызской Республики в Таможенный союз

26 Теке, 2014

Бүгүн, 26-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана Казакстан Премьер-министринин Биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү маселесин талкуулаган кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү жүрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү маселесине тийиштүү бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле жолугушунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы аралык кызматташуусунун абалы жан анын келечектери маселеси талкууга алынды.

Тактап айтканда, тараптар айрым товарларды экспорттоо, “Луговая” станциясындагы мунай продуктуларынын кармалышы, бажы постторунун иштеши жаатындагы кызматташууну жөнгө салуу сыяктуу көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн так жолдорун карады.

Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүсү темасына байланыштуу Жоомарт Оторбаев жана Бакытжан Сагинтаев 2014-жылдын 29-майында Астанада кабыл алынган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин чечимин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти, анда Кыргыз Республикасынын курамына Беларусь, Казакстан жана Россия Федерациясы кирген Бажы биримдигине кирүүсү боюнча Жол картасы бекитилген.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү