Джоомарт Оторбаев: «Процесс вступления в Таможенный союз и Единое экономическое пространство – приоритет работы Правительства КР»

12 Баш оона, 2014

Бүгүн, 12-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын интеграция жана макроэкономиканын негизги багыттары боюнча коллегия мүчөсү Татьяна Валовая менен жолугушту.

Жолугушуунун башында Жоомарт Оторбаев Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча Иш-чаралар планын (Жол картасы) ишке ашырууда көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз интеграциялык процесс алкагында милдеттенмелерибизди аткаруу боюнча ишти тез жана натыйжалуу ишке ашырууга умтулуудабыз. КР ББ кирүү боюнча Жол картасын ишке ашырууда көрсөткөн көмөгү үчүн россиялык жана казакстандык кесиптештерге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет», — деди Жоомарт Оторбаев.

Андан соң Өкмөт башчы белгилегендей, кечээ, 11-августта, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын президенттери интеграциялык процесс алкагындагы жетишилген макулдашууларды дагы бир ирет тастыкташты.

Премьер-министр белгилегендей, учурда Жол картасын ишке ашыруу боюнча кыргыз тараптын активдүү иштери жүрүүдө, бул максатта Жол картасынын ар-бир багыты боюнча 14 иштиктүү топ түзүлгөн жана ар жума сайын КР Премьер-министринин төрагалыгы астында КР ББ жана БЭА кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлүүдө.

Жоомарт Оторбаев билдиргендей, сентябрь айына карата КР ББ кирүүсү үчүн зарыл болгон нормативдик-укуктук база боюнча Өкмөт сунушу КР Жогорку Кеңешинин кароосуна сунушталат.

Өз кезегинде Татьяна Валовая КР ББ кирүү процесси оңдуу багытта жүрүп жаткандыгын белгиледи.

“Бардык пландаштырылган иш-чаралар өз мөөнөтүндө аткарылууда. Бизде чечүүгө муктаж болгон принципиалдуу маселелер жок. Кыргыз тарап жактан аткарылган иштер ырааттуу жана натыйжалуу жүрүүдө», — деди Татьяна Валовая.

Ошондой эле ал Премьер-министрге Евразиялык экономикалык комиссиянын Иштиктүү тобунун 12-жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымдады. Мында өзгөчө көңүл үстүбүздөгү жылдын октябрь айына пландаштырылган КР БЭА кошулуусу боюнча Жол картасын кароого даярдык көрүү, аны кароо жана бекитүү маселесине бурулду.

“КР БЭА кошулуу боюнча Жол картасы биздин келечектүү милдетибиз катары саналат. Ошондой эле ал кыргыз коомчулугу үчүн да маанилүү, анткени анда эмгек күчүн алга жылдыруу боюнча маалымат так чагылдырылыш кажет», — деп кошумчалады Татьяна Валовая.

Андан соң КР инвестицияларды тартуу максатында кыргыз жана россиялык бизнес аралык байланыштарды активдештирүү мүмкүндүгү талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар КР ББ кирүү алкагындагы инфраструктуралык долбоорлорду, техникалык жөнгө салууну жана бажы администрациясын ишке ашыруу маселесине кеңири токтолду.