КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы

ТАБАЛДИЕВ Бусурманкул Беркутович

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

1949-жылдын 11-мартында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында төрөлгөн. 

1975-жылы СССРдин Министрлер Кеңешинин алдындагы Ф. Дзержинский атындагы МКК Жогорку Кызыл Туу мектебин аяктаган.

1968 – 1970        Талас облусунун Киров районунун автобазасынын автомеханиги

1971-жылдар тартып    МКК органдарында кызмат ѳтѳѳ
1978-жылдан тартып    Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин ага референти, бөлүм башчысынын орун басары, Киргизиянын Компартиясынын БК биринчи катчысынын жардамчысы, Кыргыз ССРнин Мамлекеттик арбитражынын башкы мамлекеттик арбитри

1989 – 1991        Кыргыз Республикасынын юстиция министри

1991 – 1992        Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат боюнча Мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары

1992-жылдын тартып    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жалал-Абад облусунун ИИБ начальниги, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр Жыйынынын бөлүм башчысы

1997 – 1998        Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын бѳлүм башчысы

1998 – 2005        Ачык акционердик коомдун директорлор Кеңешинин тѳрагасы

2005-жылдын мартынан тартып       Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан бѳлүм башчысы

2005-жылдын сентябрынан тартып   Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан бөлүм башчысы

2006-жылдын май айынан сентябрь айына чейин     Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы

2007 – 2010        Кеңешчи, Ачык акционердик коомдун директорлор Кеңешинин төрагасы

2010-жылдын апрелинен тартып 2011-жылдын 7-декабрына чейин    Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары – коргоо, коопсуздук, тартип жана өзгөчө кырдаалдар бѳлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бөлүм башчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы

07.12.2011 – 05.06.2013    Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысы

2013-жылдын 5-июнунан тартап    Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчысынын милдеттерин убактылуу аткаруучу

Сыйлыктар:
I даражадагы «Святой Петр» ордени;
14 ведомстволук сыйлыктар.

Өкмөтпресс

Сайт создан при поддержке Швейцарского Бюро по сотрудничеству в Кыргызской Республике