Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Башкортостан Республикасынын Президенти Рустэм Хамитов менен жолугушуу өткөрдү

8 Аяк оона, 2014

Бүгүн, 8-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргызстанга Биринчи “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун” ачылыш салтанатына катышуу үчүн келген Башкортостан Республикасынын Президенти Рустэм Хамитов менен жолугушту.

Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев Кыргызстан жана Россия Федерациясы аралык кызматташуунун жогорку деңгээлин белгиледи, ошондой эле КР жана Башкортостан жалпы тарых жана салтка, бирдиктүү маалымат жана маданий-гуманитардык аймакка ээ экендигин билдирди.

“Кыргызстан жана Башкортостан ортосундагы кызматташуу мүмкүндүгү абдан кенен. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча, товар жүгүртүү көлөмү 224 млн 180 миң долларды түздү. Башкортостандын тышкы соода жүгүртүүсүндө Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында 14,7% салыштырма салмак менен төртүнчү орунда турат. Бирок ага карабастан, биз тарыхый жана маданий жалпылыктарга байланыштуу элдер ортосундагы кызматташууну кеңейтүүбүз керек. Сиздин сапарыңыз КР жана Башкортостан аралык кызматташуунун тереңдешине түрткү болооруна ишенем», — деди Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр кошумчалагандай, КР Бажы биримдигине кошулуусу да экономикалык кызматташууну тыгыз жүргүзүүгө шарт түзөт.

Өз кезегинде Рустэм Хамитов белгилегендей, Башкортостан Республикасы жана Кыргызстан мамлекети көптөгөн жалпылыктарга ээ.”Биз так сунуштар менен келдик жана экономикалык кызматташууга кызыкдарбыз”, — деп белгиледи Рустэм Хамитов.

Тактап айтканда, Рустэм Хамитовдун айтымында, сапар алкагында эки тараптын тийиштүү министрлик жана ведомстволору аралык соода-логистикалык борборлорун түзүү, Кыргызстандан Башкортостанга айыл чарба продукциясын ташуу жана КР жабдууларды чогултууну уюштуруу мүмкүндүктөрү каралат.

Андан соң тараптар эки республика кызматташуусунун күн тартибин иштеп чыгуу үчүн биргелешкен иштиктүү топ түзүү, ишкерлер жолугушуусун уюштуруу, ошондой эле губернаторлор деңгээлиндеги аймак аралык өз-ара аракеттешүүнү күчтөндүрүү тууралуу макулдашышты.

Жолугушууга КР экономика министри Темир Сариев жана КР айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдер да катышты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

 

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү