Премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Газпром» ААК башкармалык төрагасы Алексей Миллер менен кызматташуунун актуалдуу пландарын талкуулады

10 Аяк оона, 2014

Кечээ, 9-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев “Газпром» ААК башкармалык төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту.

Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Алексей миллердин кыска мөөнөт аралыгындагы экинчи сапары КР жана «Газпром” кызматташуусуна кошумча импульс берди.

«Газпром» кызматкерлери тарабынан Кыргызстандагы компания долбоорлорунун мүмкүндүгү терең талдоо жүргүзүлгөн жана кызматташуу боюнча маанилүү сунуштар берилген. Коомчулукта компаниянын өлкөгө келишине байланыштуу көптөгөн үмүттөр пайда болду, ошондой эле биз алдыга ири пландарды белгилеген элек”, – деди Жоомарт Оторбаев.

Өз кезегинде Алексей Миллер белгилегендей, компания “тез жана натыйжалуу иш алып барууга ниеттенүүдө».

«Биздин максаттар чындыгында эле абдан чоң, анын эң башкысы – газ менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргызстан аймактарын кеңири газ менен жабдуу болуп саналат. Азырынча өлкөнүн 25% гана газ менен жабдылган”, – деди Алексей Миллер.

Ал кошумчалагандай, учурда компания КР газ менен жабдуу боюнча 2010-жылга дейре эсептелген жана кыска, орточо жана узак мөөнөттүү долбоорлорду камтыган генералдык схеманы иштеп чыгууда. Ошондой эле анда модернизациялоо жана реконструкциялоо үчүн объектилер аныкталган.

Андан соң тараптар келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, “Түндүк-Түштүк” магистралдык газ түтүгүн куру боюнча долбоорлорду пландаштыруу жана өлкө түштүгүндөгү Көгарт жана Майлуу-Суу IV аймагын геологиялык иликтөө маселесин талкуулады.