Премьер-министр Бүргөндү массивин өздөштүрүү иштеринин жүрүшүн текшерди

27 Аяк оона, 2014

Бүгүн, 27-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивин өздөштүрүү ишинин жүрүшүн текшерди. КР айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев премьер-министрге өткөн жылы 80 млн сомдон ашуун өздөштүрүлүп, быйылкы жылы – 120 млн сомдон ашуун сумма, ал эми 2015-жылы 125 млн сомдон ашуун каражат өздөштүрүлө тургандыгын жана 2015-жылдын күз мезгилине карата бардык ирригациялык иштер жыйынтыктала тургандыгын билдирди. Бул каражаттар массивдин ирригациялык тамактарын түзүүгө багытталат.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев подрядчиктерге бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууну тапшырды.

“Мага ноолор сапатсыз салынгандыгы тууралуу маалымат жетүүдө. Эгерде мындай нерсе орун алса, анда талапка жооп бербеген бардык ирригациялык ноолорду кайрадан алмаштыруу зарыл. Бүргөндү массивин өздөштүрүү иши Өкмөттүн Баткен облусунун инфраструктурасын жакшыртуу жана чектеш райондорду чыңдоодогу келечектүү багыттарынын бири болуп саналат. Мында жаңы калктуу пунктту куруу пландаштырылууда жана 4000-6000 үй-бүлөгө турак-жай курууга жер тилкеси бөлүштүрүлүп, мындан тышкары, болжол менен 3 миң га жер сугат жерлерге айлантылат. Жашоо үчүн бардык мүмкүндүктөр түзүлүп, калктуу пункттар электрлештирилип, ичүүчү суу менен камсыздалат», — деп белгиледи өкмөт башчы.

Жоомарт Оторбаев Баткен облусунун жетекчилигине жер тилкесин берүү критерийлерин иштеп чыгууну тапшырды.

“Ал жер тилкесин Баткен облусунун жер тилкесине чындыгында муктаж болгон тургундары алышы тийиш», — деп билдирди Премьер-министр.

Ошондой эле Жоомарт Оторбаев КР айыл чарба жана мелиорация министрлигине Бүргөндү массивинде тамчылатып сугаруу тутумун киргизүү долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле тармактык ведомстволорго бардык ишти мөөнөтүндө жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.

Бүргөндү массивин өздөштүрүү иштери менен таанышуудан соң Премьер-министр Баткен шаарынын борбордук базарында болду. Мында Өкмөт башчы баткендиктер менен баарлашып, азык-түлүк баасына кызыкты, тактап айтканда, эт, кант, ун, жашылчага жана кургатылган баткен өрүгүнө болгон баалар менен таанышты. Жоомарт Оторбаев баткен өрүгүнүн өзгөчө даамы жана пайдалуу жагын белгилеп, Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттоону камсыздоо үчүн ири чарбаларга биригүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү