Вице-премьер-министр Валерий Диль: «Бажы биримдигине кирүүдө Нарын облусунун эт-сүт продукциясын Россияга жеткирүү мүмкүндүгү пайда болот”

7 Тогуздун айы, 2014

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн негизги темасы болуп, Нарын облусундагы логистикалык борборду түзүү маселеси эсептелди.

Аманбай Кайыповдун айтымында, логистикалык борбордун аймагы Ат-Башы айылынан 39 км алыстыкта жана Нарын шаарынан 85 км аралыкта жайгашат. План боюнча, борбор аймагын 4 секторго бөлүү каралган, анда башка курулуштарга катар кампа, кеңсе жана көмөкчү имараттарды куруу каралган.

“Нарын облусунда логистикалык борбордун түзүлүшү менен бирге кошумча 3 миң иш орду пайда болуп, товар жүгүртүү көлөмү жогорулап, эмгекке жөндөмдүү адамдардын агылып кетүүсү токтоп, Бишкек-Торугарт жолунун оңдоого муктаж болгон тилкелери такай реконструкцияланып турат. Өз жайгашуусуна ылайык, «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолу аймактагы ишкердүүлүктүн активдүүлүгүн жандантууда маанилүү роль ойношу ыктымал», — деди Аманбай Кайыпов.

Кеңешме жыйынтыгында вице-премьер-министр тарабынан Нарын облусунда логистикалык борборду куруу долбоорун иштеп чыгуу үчүн ведомство аралык иштиктүү топ түзүү тапшырылган.

“Бажы биримдигине кирүүдө Нарын облусунун эт-сүт продукциясын Россияга ташып жеткирүү мүмкүндүгү пайда болот. Экспорттолчу продукциянын ири партияларын жөнөтүүгө даярдоо үчүн орун керектелет. Аталган долбоор боюнча бардык маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик-жеке шериктештик негизинде логистикалык борборду түзүү боюнча ишти координациялоо үчүн иштиктүү топ түзүүнү сунуштайм», — деди вице-премьер-министр Валерий Диль.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү