КР Премьер- министри

24 Баш оона, 2011

САРИЕВ Темир Аргембаевич

Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылында 1963-жылы туулган.

Билими – жогорку. 1989-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча бөтөргөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 2 жана 3-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Мамлекеттик кызматтын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ.

Үчүнчү даражадагы «Манас» Ордени менен сыйланган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1981 – 1983-жж.  Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн

1984 – 1985-жж. Борбордук универмаг, жумушчу

1985 -  1987-жж. Аламүдүн тери фабрикасында экспедитор, экономист, улук экономист

1987 – 1989-жж.  Аламүдүн райондук райком комсомолунун жумушчу жаштар бөлүмүнүн башчысы

1989 – 1990-жж. Аламүдүн райондук  партиялык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору

1990 – 1991-жж. Аламүдүн райондук  аткаруу комитет төрагасынын орун басары, Аппарат жетекчиси

1991 – 1995-жж. Кыргыз товардык-сырье биржасынын президенти

1995 – 2000гг.  “Тотон” финансы өнөр-жай фирмасынын башкы директору

2000 – 2005-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

2005 – 2007-жж.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

04.2010 — 06.2010-жж. Убактылуу Өкмөт төрагасынын орун басары, финансы министри

2010 – 2011-жж.  «Акшумкар» саясый партиясынын төрагасы

12.2011-04.2015жж.  Экономика жана антимонополдук саясат министри.

2015-жылдын 2-май айынан тарта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри