Премьер-министр Темир Сариев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

28 Бугу, 2015

Бүгүн, 28-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту.

Делегация мучөлөрү соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну кеңейтүү маселесин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Темир Сариев Карим Масимовду үстүбүздөгү жылдын 26-апрелиндеги Казакстан Президентинин кезектеги шайлоосу ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Өкмөт башчы казак тарапка 8-майда Москва шаарында өткөн ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча тийиштуу документтерге кол коюуда колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары ал Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу жөнүндө келишимди Казакстан тараптан ратификациялоо процессин тездетүү өтүнүчү менен кайрылды.

Темир Сариев үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасында Кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин кезектеги алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын эске салды. Буга байланыштуу ал Карим Масимовду Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Темир Сариев Казакстан Кыргызстандын негизги тышкы экономикалык шериги эсептелээрин белгилеп, келечекте ар-тараптуу кызматташууну тереңдетууго кызыкдарлыгын билдирди.

 

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү