Премьер-министр Темир Сариев Тажикстан Республикасына расмий сапар менен барды

8 Кулжа, 2015

Бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Тажикстан Республикасына расмий сапар менен келди.

Душанбе шаарында Темир Сариевди Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. Эки өкмөт башчынын жолугушуу салтанатында Кыргызстан жана Тажикстандын гимндери жаңырып, Ардактуу караулдун  аскерлери тизилди.

Мындан соң Темир Сариев “Тажикстандын улуттук кайра жаралуусу жана ынтымак” мемориалдык комплексиндеги Иcмоили Сомонинин эстелигине гүл ко коюу аземине катышты.

Муну менен катар Премьер-министр Тажик Республикасынын Президенти  Эмомали Рахмон, Премьер-министр Кохир Расулзода  жана Олий Мажлистин Төрагасы  Шукуржон  Зухуров менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле  Өкмөт башчы Душанбе шаарында өтчү “Суу-жашоо үчүн” аталышындагы эл аралык долбоордун он жылдыгына арналган жогорку деңгээлдеги конференцияга катышат.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү