Премьер-министр Темир Сариев өрттөн үч адамды куткарып калган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ыраазылык билдирди

12 Кулжа, 2015

Бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 2015-жылдын 5-майында Кара-Балта шаарында өрттөнүп жаткан үйдөн үч адамды куткарып калган мектеп бүтүрүүчүлөрү Данил Пархоменко, Константин Чернов, Максат Халбеков, Мухаммед Сарсембаев жана Далил Тамашевге ыраазылык катын жана өз белегин тапшырды.

Жолугушууда  аталган балдар Темир Сариев окуянын кандай болгонун айтып беришти.  Алардын айтымында, Кара-Балта шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батир өрттөнүп жактанын көрүшкөн. Алар үйдүн ичинде улгайган адамдар калып калганын угушкан соң,дароо алар өз өмүрүн тобокелге салып үч адамды куткарып калган. Куткарылгандардын бири мүмкүнчүлүгү чектелген адам болгон.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү чукул кырдаалда адамды куткаруунун жол-жобосун мектептеги жарандык коргонуу сабактарынын үйрөнүшкөнүн айтышты.

Премьер-министр алардын жасаганын эрдик деп атап, жарандык милдетин эр жүрөктүк менен аткарганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Дүйнөдө адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Жардамга муктаж адамга өмүрүн сактап калууну эрдик деп атай алабыз. Кыргызстанга силер сыяктуу ар түрдүү оор кырдаалда жардамга шашылып, эрдик кылган жигиттер керек.  Ошондуктан, силерге, ата-энеңерге жана мугалимдериңерге ыраазычылыгымды билдирем-деди Темир Сариев.

Ошондой эле Темир Сариев аталган балдарга татыктуу билим алып, жоопкерчиликтүү, ак ниет жаран болууга чакырды.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү