Премьер-министр Темир Сариев: «Бүгүнкү күндө Кыргызстан санариптик берүү дооруна расмий кадам таштады»

17 Кулжа, 2015

Бүгүн, 17-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев санариптик берүүгө старт берди. Өкмөт башчы биринчи мультиплекске кирген телеканалдардын Социалдык пакети жайгашкан жабдыктар жана орнотулган санариптик өткөргүчтөр картасы менен таанышты.

Премьер-министр белгилегендей, Санариптик телерадиберүүгө өтүү боюнча программаны ишке ашыруу алкагында республикалык бюджеттен жалпысынан 300 млн сом бөлүнгөн, анын 100 млн сому — 2014-жылы; кошумча түрдөгү 100 млн сому – 2015-жылдын башталышында жана дагы 100 млн сому 2015-жылдын бюджетинде каралган.

“Аталган каражаттар Жер үстүндөгү санариптик обо берүү телеканалдарынын социалдык пакетине кирген телерадиокомпаниялардын материалдык-техникалык базасын модернизациялоого мүмкүндүк берди”,- деп билдирди Темир Сариев.

Санариптик берүү алкагында сегиз телеканалдан турган социалдык пакет түзүлгөн. Ал Кыргызстандын бардык жарандары үчүн акысыз болот. Болгону ресивер гана сатып алуу керек. КР жарандарынын көптөгөн кайрылуулары боюнча райондук мамлекеттик администрацияларда райондук социалдык коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана айылдык округ башчыларынын катышуусунда комиссияларды түзүп, анда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн тизмеси каралып, анын негизинде аларга санариптик приставкаларды акысыз берүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү