Премьер-министр Темир Сариев Сузак жана Чоң-Алай райондордунун акимин дайындоо буйругуна кол койду

22 Кулжа, 2015

Бүгүн, 22-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдигине Абдимуктар Маматовду жана  Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдигине  Жумадилде Жапаровду дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Премьер-министр жаңыдан дайындалган акимдерди кабыл алып, алардын алдында абдан чоң тапшырмалар бар экенин белгилди:

“Сиздерге чоң ишеним менен катар жоопкерчилик жүктөлүп жатат. Учурда өкмөттүн иши тартипти  жөнгө салуу жана талапты күчөтүүгө багытталган. Муну менен катар акимдер үлгүлүү  жүрүш көрсөтүү менен бардык иштерге көзөмөлдү күчөтүшү зарыл. Бул үчүн ар бир мамлекеттик жетекчинин аткара турган иштери тууралуу иш планы болушу керек”-деди Темир Сариев.

Муну менен катар Премьер-министр дайындалган акимдерге социалдык обьекттердин абалын жакшыртуруу өзгөчө көңүл бурууну жана бюджеттик каражаттарды ысырапкорчулукка жол бербей колдонууну тапшырды.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү