Премьер-министр Темир Сариев Синцзянь-Уйгур автономиялык районунун төрагасынын орун басары Ши Даганды кабыл алды

25 Баш оона, 2015

Премьер-министр Темир Сариев  Синцзянь-Уйгур  автономиялык районунун төрагасынын орун басары Ши Даганды кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Синцзянь-Уйгур  автономиялык районунун ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын абалы жана келечеги тууралуу талкуулады.

Темир Сариев Кытай Кыргызстандын негизги өнөктөшү экенин билдирип, эки өлкө кызматташтыгында Синцзянь-Уйгур  автономиялык районунун мааниси өзгөчө экенин билдирди.

“Синцзянь-Уйгур  автономиялык району Кыргызстан үчүн Кытайга чыгуу жолу, дарбазасы. Бул аймак аркылуу соода жолдору куралган. Ошондуктан, Кыргыз Республикасы кызматташтыкты дагы өнүктүрүүгө кызыкдар”-деди Темир Сариев.

Ошондой эле Темир Сариев Ши Дагандан Кыргызстан-Кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркештам  бажы бекеттеринин иштөө мөөнөтүн узартып, 8 сааттан 12 саатка жеткирүү жана дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Ши Даган Синцзянь-Уйгур  автономиялык району Кыргызстан менен кызматташууну кызыкдарлыгын билдирди. Ошондой эле Кыргызстан-Кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркештам  бажы бекеттеринин иштөө мөөнөтүн узартууга макулдугун кошумчалады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү