Премьер-министр Темир Сариев кыргыз тилиндеги Google Translate Community жана Википедиянын ыктыярчылары менен жолукту

22 Аяк оона, 2015

Бүгүн, 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев кыргыз тилиндеги Google Translate Community жана Википедия интернет энцклопедиясынын ыктыярчылары менен жолугушту. Жолугушууда Премьер-министр Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, кыргыз тили мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгиси, тарыхый, маданий мурасы экенин белгиледи.

Темир Сариев тилди өнүктүрүү ар бир кыргызстандыктын милдети экенин белгилеп, бул жаатта өкмөт өз аракеттерин кылып жатканын билдирди.

Ошол эле учурда  Премьер-министр мамлекет жана өкмөт тарабынан кабыл алынган чаралар жарандардын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жеке каалоосу жана аракети болбосо ишке ашышы кыйын экенин билдирди.

“Тилди мажбурлоо жолу менен кимдир-бирөөгө үйрөтүү кыйын. Бул үчүн тилди үйрөнүүгө керектүү шарттарды түзүп, өз каалоосу жана умтулуусу менен үйрөнгөндөй жагдайды жаратышыбыз керек”-деди Темир Сариев.

Өкмөт башчысы бул багытта интернеттеги Википедия энцклопедиясына жана Google Translate электрондук сөздүгүнө кыргыз тилиндеги макалаларды өз демилгеси менен киргизип ыктыярчылардын ишин жогору баалады. Өз кезегинде өкмөт бул сыяктуу демилгелерди колдоого алууга даяр  экенин белгилеген Темир Сариев Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кыргыз Википедиясына ырааттуу байытуу боюнча атайын иш-чараларды иштеп чыгууну тапшырды.

Жолугушуу жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев кыргыз тилиндеги Википедияны байытуу боюнча марафонго катышып, өзү даярдаган макаланы киргизди.

Маалымат үчүн:

Википедия (Wikipedia) –эркин жана акысыз интернет энциклопедиясы. Учурда кыргыз тилиндеги википедияда 48 000 макала бар.  Google Translate котормочусу 80ден ашык тилдер арасында өз ара автоматтык которуу кызматын көрсөтөт. Учурда бул сөздүккө кыргыз тилинде 500 000 фраза которулду.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү