Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту

26 Тогуздун айы, 2015

Бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэни тосуп алды.

Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэни тосуп алуу расмий салтанаты Бишкек шаарындагы “Манас” аэропортунда өттү. Анда  Синдзо Абэнин урматына ардактуу караул тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Андан соң  эки өлкө Премьер-министрлери Темир Сариев жана Синдзо Абэ эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды жакшыртуу боюнча сөз жүрдү.

Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасы Япониянын Премьер-министринин  бул расмий сапары эки өлкө ортосундагы көп багыттуу жана узак мөөнөттүү кызматташууга жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

« Кыргызстан  менен Япониянын ортосунда көп тараптуу кызматташтык жигердүү түрдө өнүгүп жатат. Сиздин сапарыңыз бардык тармактагы кызматташтыкка дем берет деп ишенем. Япония Кыргызстандагы  2010-жылдан соңку өзгөрүүлөрдү колдоп, көмөгүн көрсөтүп  келет..Бул үчүн терең  ыраазычылыгыбызды билдиребиз”-деди Темир Сариев.

Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен парламенттик башкаруу системасына өткөн жалгыз мамлекет экенин маалымдап, 4-октябрда биометрикалык маалымат топтоонун  негизинде ачык-айкын жана мыйзамдын чегинде парламенттик шайлоону өткөрүүгө техникалык жана моралдык көмөктөшкөнү үчүн Япониянын өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

Темир Сариев Кыргыз Республикасы инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин белгилеп, Япониянын Премьер-министринин сапарынын алкагында  менен келген ишкерлер тобун кызыктуу сунуштар күтөрүн кошумчалады.

Өз кезегинде Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ  өкмөт башчысы катары Кыргызстанга алгачкы жолу келип жатканын белгилеп,  өз өлкөсү Кыргызстан менен алакага  чоң маани  берерин  билдирди .

Эки өлкө ортосундагы кызматташтык жогорку нукта өнүгүп жатканын белгилеген  Синдзо Абэ Кыргызстандын 4-октябрда парламенттик шайлоону демократиялык негизде өткөргөнүн жогору баалады.

«Япония Кыргызстандын демократиялык өлкө куруу аракетин ар тараптуу колдоого алууну улантат»-деди Синдзо Абэ.

Ошондой эле Япониянын Премьер-министри бул жолку сапар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын деңгээлин жогорулатат деген ишенимин билдирди.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү