Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жана Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ 2010-жылдын Апрель революциясынын курмандыктарына арналган монументке гүлчамбар койду

26 Тогуздун айы, 2015

Бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жана Кыргызстанга расмий сапар менен келген Япониянын Премьер-министри  Синдзо Абэ Бишкек шаарындагы  2010-жылдын Апрель революциясынын жана 2002-жылдын Аксы окуясынын курмандыктарынын элесине арналган монументке гүлчамбар койду. Ардактуу караул жана оркестрдин коштоосуна эки өлкөнүн Премьер-министрлери авторитардык бийликке каршы чыккандардын элесине таазим этти.

Гүлчамбар коюу расмисинин жүрүшүндө Темир Сариев Синдзо Абэге 2010-жылдагы Апрел окуялары жана монументтин таржымалы тууралуу айтып берди.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү