Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Өкмөт мүчөлөрү ант берди

6 Жетинин айы, 2015

Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жана анын элинин алдында ант берди.

Алгач Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев ант берди. Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мүчөлөрү өз антын беришти.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Өкмөт мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого жана өз милдеттерин ак  ниет, берилип аткарууга Кыргызстандын элине ак кызмат кылууга ант беришти.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү