Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында кышка даярдык талкууланды

6 Жетинин айы, 2015

Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Темир Сариевдин төрагалыгы алдында кышкы мезгилге даярдык боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы тууралуу маалымат угулду.

Жыйын жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев кышкы сезонго даярдыкты жакшылап уюштуруу Өкмөттүн милдеттеринин бири болгонун белгилеп, тапшырмаларды өз деңгээлинде аткара албаган органдарга карата чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Премьер-министр аймактардагы кыштан жылуулук, электр энергия, газ жана көмүр менен камсыз кылуу боюнча маселелер болбой турганы боюнча маалымат берилгенин эскертип, муну толугу менен камсыз кылуу керек экенин эскертти.

Ошол эле учурда Темир Сариев Кара-кече көмүр кенинен көмүр ташып келүүдө айрым кемчиликтер болуп жатканын билдирип, бул үчүн Өкмөт алдындагы монополияны жөнгө салуу агенттиги жана “Электр Станциялар” ишканасына эскертүү берди.

“Биз кыш мезгилинде элибизди электр энергиясы менен толугу менен камсыз кылышыбыз зарыл. Бул үчүн бюджеттен акча бөлүнүп, жабдыктар оңдолгон. Ушул мезгилге чейин өлкө боюнча 5943 ирет электр энергиясы өчүрүлгөн экен. Мынча санда өчүрүүлөр болбош керек. Ошондуктан, тиешелүү органдар  өчүрүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча аракет көрүшү керек”- деди Темир Сариев.

Ошондой эле өчүрүүлөр боюнча жер-жерлерде диспетчердик пунктардын ишин күчөтүп, калкка тезинен маалымат жеткирүү тапшырмасы берилди.

Премьер-министр Темир Сариев бөлүштүрүүчү компанияларга техникалык жоготууларды төмөндөтүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Андан соң министрликтер жана Өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрү күзгү-кышкы сезонго даярдык тууралуу маалымат беришти.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү