Премьер-министр Темир Сариев Аламүдүн районундагы Октябрь айылындагы мектептин имаратынын пайдубалын түптөө аземине катышты

28 Жетинин айы, 2015

Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь айылындагы мектептин имаратынын пайдубалын түптөө аземине катышты.

Премьер-министр мектептин имаратынын түптөлүшү менен айыл тургундарын куттуктап, бул абдан маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

“Келечек муунду татыктуу тарбиялоо, алардын сапаттуу билим алышына шарт түзүү ата-энелер менен катар Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Бул багытта Өкмөт өзүнүн негизги багыттарынын бири катары сапаттуу билим берүүнү тандап алган. Анын алкагында, бүгүн Октябрь айылында 750 орундуу азыркы шартка жооп берген, заманбап мектептин пайдубалы түптөлүп жатат”, – деди Темир Сариев.

Премьер-министр аталган мектеп Таластагы Жерүй кенин иштетүүгө берилген каражатка курулуп жаткан алгачкы мектеп экенин белгилеп, быйыл жыл аягына чейин 26 мектептин курулушу башталаарын маалымдады.

“Жерүй кенин иштетүүдөн түшкөн каражатка өлкө боюнча жаңы 100 мектепти куруп, 100 мектепти толугу менен оңдоодон өткөрөбүз. Алардын ичинен алгачкы мектептин пайдубалы түптөлүп жатат. Биз үчүн сапаттуу билим алган, дени сак муунду тарбиялоо негизги максатыбыз. Аны ишке ашыруу үчүн баарыбыз биргеликте аракет көрүшүбүз керек”, – деди Темир Сариев.

Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстанда өлкөдөгү ынтымак жана тынчтык, мыйзамдуулук жана тартип негизги мааниде экенин белгилеп, аталган баалуулуктарды сактоо аркылуу кубаттуу өлкөнү кыска аралыкта курууга мүмкүн экенин кошумчалады.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү