Премьер-министр Темир Сариев Ош облусунда төрөлгөн өлкөнүн алты миллионунчу жаранына 4 бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды

30 Жетинин айы, 2015

Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ош облусу боюнча бир күндүк иш сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Ош облусунда жарык дүйнөгө келген Кыргызстандын алты миллионунчу атуулунун үй-бүлөсү менен жолугушуп, ымыркайдын абалынан кабар алды.

Премьер-министр ымыркайдын ата-энесин наристелүү болушу менен куттуктап, анын сак-саламатта, мыкты инсандардан болуп өсүүсүн каалады.

Аны менен катар Өкмөт башчы наристенин ата-энесине 4 бөлмөлүү квартиранын ачкычын тапшырды.

“Буга дейре Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан алты миллионунчу жарандын эсебине 1 млн сомдук депозит ачуу жана турак-жай бөлүү тапшырмасы болгон. Бүгүн ал тапшырмалар аткарылып, үйдүн ачкычы тапшырылып жатат. Ымыркайыбыздын ден-соолугу чың болуп, өлкөдө тынчтык жана туруктуулук бекемделсин”, – деди Темир Сариев.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү