Премьер-министр Темир Сариев Ош облусундагы жер титирɵɵнүн кесепеттерин жоюу боюнча КР ӨКМ ишинин жүрүшүн кɵзɵмɵлгɵ алды

30 Жетинин айы, 2015

Бүгүн, 30 ноябрда,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ош облусунда 17-ноябрда орун алган жер титирɵɵнүн кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарды убактылуу турак-жай менен камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин ишинин жүрүшүн кɵзɵмɵлгɵ алды.

Ош облусу боюнча сапардын жүрүшүндɵ жер титирɵɵнүн очогу орун алган Кара-Суу районунда болуп, жаратылыш кырсыгынын натыйжасында жабыркаган турак-жайларды кɵрүп чыкты.

Өкмɵт башчы турак-жайлары жараксыз абалга келген жарандардын бардыгы убактылуу турак-жайлар – жашоо-шартка ыңгайланган, жылууланган контейнерлер менен камсыздалгандыгын жеринен барып кɵрдү.

Мындан тышкары, белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары район тургундарын атайы контейнерлер менен кайтарымсыз түрдɵ камсыздоо боюнча кɵмɵк кɵрсɵтүшкɵн. КР ӨКМ тарабынан сунушталган контейнерлер жабыркагандар жаңы үйлɵргɵ кɵчүрүлгɵн соң зарыл учурга карата тийиштүү кампаларда сакталат.

КР ӨКМ маалыматы боюнча, кырсыктан соң, 6 миңден ашуун турак-жай иликтенген. Натыйжада аныкталгандай, 400 жакын үйдү калыбына келтирүүгɵ мүмкүн эмес.

Премьер-министр Темир Сариев белгилегендей, Ош облусундагы жер титирɵɵ кесепетинен жабыркагандарга 200 миңсом ɵлчɵмүндɵ ссуда берилет.

«Акча каражаты жɵнɵтүлбɵй калат деп тынчсызданбаңыздар. Мындан тышкары, атайы эсепке түшкɵн каражаттар жабыркагандар жаңы турак-жай салуусу үчүн бɵлүштүрүлɵт. Акыркы маалыматтарга ылайык, атайы эсепте 13,5 млн сом жана 51 миң АКШ доллары чогулган. Ошондой эле калыбына келтирүү иштерин жеңилдетүү максатында курулуш дүкɵндɵрү ачылып, анда тɵмɵнкү баада керектүү материалдарды сатып алууга мүмкүндүк түзүлɵт», — деп билдирди ал.

Өкмɵт башчы маалымдагандай, турак-жайлардын 4 типтүү долбоору иштелип чыгат, ага ылайык, жабыркаган жарандар ɵзүнɵ каалаганын тандап алат да, ага жараша үйлɵр курула баштайт.

Жер титирɵɵнүн кесепеттерин жоюу иштери менен таанышуу учурунда Премьер-министр Темир Сариев жергиликтүү калкка кайрылып, мектеп окуучулары тез арада окуусун баштоосу зарылдыгын билдирди.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү