Премьер-министр Темир Сариев Ош облусундагы жер титирɵɵнүн натыйжасында жабыркаган эки мектептин абалы менен таанышты

30 Жетинин айы, 2015

Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргыз Распубликасынын Премьер-министри Темир Сариев Ош облусуна иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун Куршаб айылындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

Аталган мектептин имараты 17-ноябрдагы жер титирɵɵ кесепетинин натыйжасында жабыркаган, ал эми ашканасынын имаратына 4-даражадагы зыян келтирилген.
Премьер-министр мектеп имараты менен таанышкан сон имаратты деталдуу инженердик кароодон ɵткɵрүүнү тапшырды.
«Билим берүү мекемесинин коопсуздугу биз үчүн абдан маанилүү. Балдардын үзгүлтүксүз билим алышына шарт түзүү үчүн имаратты кайрадан тыкыр иликтеп чыгуу керек», – деди Темир Сариев.
Ошондой эле жакынкы убакытта мектептин чатырын которуу жана имаратын бекемдɵɵ тапшырмасын берди.
Мындан соң Өкмɵт башчы Өзгɵн районундагы Бакмал орто мектебинин имаратынын абалы менен таанышты. Аталган мектептин имараты жараксыз деп табылган.

Премьер-министр тарабынан мектептин жаңы имаратын куруу тапшырмасы берилди.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү