Премьер-министр Темир Сариев ɵлкɵнүн тɵрт миллионунчу атуулу Каныкей Кайыповадан кабар алып, материалдык жардам кɵрсɵттү

30 Жетинин айы, 2015

Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргыз Распубликасынын Премьер-министри Темир Сариев Ош облусуна иш сапарынын алкагында Кыргызстандын тɵрт миллионунчу атуулу болуп тɵрɵлгɵн Каныкей Кайыповадан кабар алып, материалдык жардам кɵрсɵттү.

Мындан тышкары, тɵрт миллионунчу кыргызстандыкка материалдык кɵмɵктү Өкмɵт башчыны иштиктүү сапарында коштоп жүргɵн Кыргыз Распубликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары да кɵрсɵттү.

Темир Сариев ɵлкɵнүн тɵрт миллионунчу жаранынын ата-энесине куттук сɵзүн айтып, үй-бүлɵ мүчɵлɵрүнɵ чың ден соолук каалады.

«Сиз ак жолтой болуп, калкыбыздын саны 6 миллионго жетти. Үй-бүлɵңүзгɵ жана ɵзүңүзгɵ чың ден соолук, ийгилик каалайм. Өлкɵбүз жарандарына кам кɵрүү үчүн бардык аракетти кɵрɵбүз», – деди Темир Сариев.
Өз кезегинде Каныкей Кайыпова жана анын үй-бүлɵсү Премьер-министрге ыраазычылык билдирди.

Белгилесек, Кайыпова Каныкей 1985-жылы 27-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында туулган.

Учурда Кара-Суу районунун Жоош айылдык аймагына караштуу Большевик айылында жашайт, үй-бүлөлүү, 3 кыздын энеси.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү