ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын КЭР төрагасы Си Цзиньпинь менен жамааттык жолугушуусу орун алды

16 Бештин айы, 2015

Бүгүн, 16-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь менен жамааттык жолугушуусуна катышты.

Өз сөзүндө Премьер-министр Темир Сариев КЭР төрагасы Си Цзиньпинге Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Ош облусунда болуп өткөн жер титирөөдөн соң көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Темир Сариев белгилегендей, ШКУнун кезектеги Саммити 2016-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын борбору – Бишкек шаарында орун алат.

«Бүгүнкү жамааттык жолугушуу бардык катышуулар үчүн жемиштүү саналат. Кыргызстан ШКУ га мүчө-өлкөлөр менен экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар», – деди ал.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы маалымдагандай, Кытай Элдик Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы эркин соода аймагын түзүү боюнча демилгеси эксперттик топ тараптан 2016-жылы Бишкекте талкууланат.

«2016-жылы ШКУ Өнүктүрүү банкын түзүү алкагында Кыргызстандын финансы министринин мүчө-өлкөлөрдүн борбордук банк жетекчилери менен жолугушуусу пландаштырылууда, алар экономикалык кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашмакчы», – деп билдирди Өкмөт башчы.

Жолугушуу соңунда Премьер-министр Темир Сариев кытай тарап менен биргеликте ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү