Премьер-министр Темир Сариевдин Кытайга жасаган расмий сапары орун алды

16 Бештин айы, 2015

Бүгүн, 16-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Кытай Элдик Республикасына жасаган расмий сапары орун алды.

Расмий сапар алкагында Өкмөт башчы Темир Сариев КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен кеңейтилген курамда жолугушту.

Ли Кэцян Темир Сариевге Кытай Элдик Республикасына расмий сапар жасоо тууралуу чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өкмөт башчы Темир Сариев Мамлекеттик кеңеш Премьери Ли Кэцянга КЭРге расмий сапар менен келип кетүү чакырыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйынынын, ошондой эле Учжэнь шаарында (КЭР) өткөн II Дүйнөлүк интернет-жыйындын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.

«Учурда бизде кытай капиталынын катышуусунда ири долбоорлор ийгиликтүү жыйынтыкталууда. Бүгүнкү күндө биз энергетика, транспорттук коммуникациялар, социалдык объектилердин курулушу жаатындагы ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда оңдуу жыйынтыктарга ээ болуудабыз. Биз Борбор Азия-Кытай газ түтүгүнүн кыргыз тилкесин курууга, Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолду жана мунайды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга чоң маани берүүдөбүз», – деп белгиледи ал.

Премьер-министр жалпы аймак үчүн келечектүү мааниге ээ болгон Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулуш долбоорун ишке ашыруу маселесин козгоду.

«Кытай тараптын аталган долбоорду ишке ашырууну тездетүүсү маанилүү. Биз муну кытай тараптын Жибек Жолу экономикалык алкагы демилгесин ишке ашыруунун бир бөлүгү катары карайбыз. Мындан тышкары, биз жаңы Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ишмердүүлүгүнө биздин мамлекеттин катышуусун колдоого алабыз. Кыргызстан аталган финансы институтунун алкагында активдүү кызматташууга ниеттенүүдө», – деп белгиледи Темир Сариев.

Сүйлөшүүлөр жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Темир Сариев өзүнүн кытай кесиптеши Ли Кэцянды 2016-жылы Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Белгилесек, бул сапар Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк тарыхында КР Премьер-министринин Кытай Элдик Республикасына жасаган үчүнчү жолку расмий сапары болуп саналат.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү