Премьер-министр Темир Сариевдин Кытайга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

16 Бештин айы, 2015

Бүгүн, 16-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Кытай Элдик Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда бир катар документтерге кол коюлду.

Премьер-министр Темир Сариев жана КЭР Мамлекеттик кеңеш Премьери Ли Кэцяндын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду, алардын катарында “Биргелешкен коммюнике», «КР Билим берүү жана илим министрлиги жана КЭР Билим берүү министрлиги ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуу тууралуу келишим», «КР Маданият, малымат жана туризм министрлиги жана КЭР Маданият министрлиги ортосундагы 2016-2019-жылдарга кызматташуу программасы», «КР Улуттук банкы жана Кытай банктык ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча комиссиясы аралык кризисти башкаруу тармагындагы кызматташуу жөнүндө билдирүү», «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «Транс-Кыргыз газ Пайплайн Компани  Лимитед» ортосундагы инвестициялык келишим» сыяктуу бир катар документтерге кол коюлду.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцяндын чакыруусу боюнча үстүбүздөгү жылдын 14-17-декабрында Кытай Элдик Республикасында расмий сапар менен жүрөт.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү